• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Баткен облусунун аймагында жер титиреди

Кырсык 0

Бишкек, 25.03.21. /Кабар/. Баткен облусунун аймагында жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 24-март күнү саат 20:37де Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Лейлек районунун Достук айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий