• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Баткен-Бужум-Кызыл-Жол жолунда асфальт төшөө иштери башталды

Аймак 0

Бишкек, 14.06.22. /Кабар/. Транспорт министрлигине караштуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалынын №2 Жол тейлөө ишканасы тарабынан Баткен облусунун Баткен-Бужум-Кызыл-Жол унаа жолунда асфальт-бетон төшөө иштери башталды.

Транспорт министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, план боюнча узундугу 2 чакырым жана туурасы 6 метр болгон асфальт-бетон төшөлөт.

Асфальттоо иштерин июнь айынын аягына чейин бүткөрүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий