• 87.45
  • 101.25
  • 1.1

Өлкөдө башаламан соода-сатык жүргүзгөндөргө 600 миң сомдон ашык айып салынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.10.24. /Кабар/. Өлкөдө башаламан соода-сатык жүргүзгөндөргө 600 миң сомдон ашык айып салынды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, Жол көзөмөлдөө бөлүмү жол жээгиндеги жол кыймылына тоскоолдуктарды жаратып, башаламан соода-сатык жүргүзгөн жарандарга карата рейд өткөрдү.

Рейддер 14-октябрдан 18-октябрга чейин уланып, анда мөмө-жемиштерди, курулуш материалдарын, күйүүчү майларды жана суусундуктарды жолдун жээгинде мыйзамсыз сатып жаткан учурлар аныкталды.

Мыйзам бузуулар боюнча башаламан соода-сатык кылган жарандарга карата 209 протокол түзүлүп, жалпысынан 627 миң сом айып пул салынды.

Пикир

Оставить комментарий