• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Балыкчы - Кочкор унаа жолу маал-маалы менен жабылат. Себеби

Аймак 0

Бишкек, 15.11.24. /Кабар/. Балыкчы - Кочкор унаа жолунун айрым тилкелери жардыруу иштерине байланыштуу маал-маалы менен жабылат.

"Кыргызтемиржолу" ишканасынан билдиришкендей, 18-ноябрдан 18-декабрга чейин унаа жолдун 39+90-чакырымынан 42+90-чакырымына чейин, тактап айтканда, Кубакы ашуусунун бурулушуна чейин, курулуп жаткан темир жолдун 37-43 чакырымдарында жардыруу иштерине байланыштуу дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү саат 8:00дөн 17:30га чейин унаа кыймылы үчүн жабык болот.

Белгилей кетсек, жардыруу иштери Балыкчы-Кочкор темир жолун куруу долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий