• 87.45
  • 101.25
  • 1.1

Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолу: Бүгүнкү күндө 3 км жол ачылды

Коом 0

Бишкек, 27.07.22. /Кабар/. Кара-Кече көмүр кенин иштетүүнү транспорттук камсыздоо, республиканын жана региондордун экономикасын андан ары өнүктүрүү максатында Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолун куруу долбоору ишке ашырыла башталган.

Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев маалымат жыйын учурунда Балыкчы-Кочкор темир жолунун узундугу 63 чакырымга жакын участогунун курулушу башталганын билдирди.

“31-мартта Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолунун курулушунун расмий ачылыш аземи болуп өттү. Бүгүнкү күндө 3 км жол ачылды. Үстүбүздөгү жылы өз каражатыбыздын эсебинен темир жол линиясын 5 километрге чейин төшөө болжолдонууда. Кошумча финансылык каражаттарды бөлүп берүүдө Темир жол линиясын 15 километрге чейин төшөө болжолдонууда”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий