Бишкек, 01.06.23. /Кабар/. 1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата "Панфилов" сейил багында арзандатуулар болот.
Бишкек мэриясынан билдиришкендей, бүгүн саат 11.00дөн 18:00гө чейин аталган сейил бакта “Колесо обозрения”, Жаныбарлар полиси, 12D кинотеатры, “Айлануучу мунара” аттракционуна 80 сом, ал эми калган бардык аттракциондорго - 50 сом болот.
Белгилей кетсек, саат 18:00дөн кийин аттракциондорго балдардын билети 80 сом, чоңдорго 100 сом болот. Ал эми “Колесо обозрения” чоңдорго –100, балдарга – 150 сом, Жаныбарлар полиси – балдарга - 100 сом жана чоңдорго - 150 сом , 12D кинотеатры - 100 сом, “Айлануучу мунара”– 120 сом болот.
Бишкек мэриясы жаш шаардыктарды жана борбор калаанын конокторун майрамы менен куттуктайт. Бекем ден соолук, бактылуу балалык жана жаркын келечек каалайт.
Бүгүн Бишкектеги Панфилов сейил багында арзандатуулар болот

Пикир
Оставить комментарий