Бишкек, 16.01.25. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Бүгүн УКМКнын Чек ара кызматынын төрагасы Абдикарим Алимбаев 2022-жылы Баткенде орун алган чек арадагы куралдуу жаңжалда каза тапкан чек арачы Мирлан Ниязовдун жубайы Сатина Лайлиева менен жолукту. Жолугушууга “Сезим” кризистик борборунун өкүлдөрү жана журналисттер да катышты.
Анда Абдикарим Алимбаев Сатина Лайлиевага Чек ара кызматына тиешелүү турак жайдын эки бөлмөлүү батирине жайгаштырууга даяр экендигин билдирди.
“Биздин баатырларча курман болгон уулубуздун аялы катары мен Сатинаны Чек ара кызматына аскер кызматкери катары жумушка алууга, ал эми үч баласын бала бакчага киргизүүгө даярмын. Баткен шаарындагы жаңы заманбап шарттары менен салынган үйдөн эки бөлмөлүү батир беребиз. Эгерде Баткенде эмес, Бишкекке жакыныраак болсо десеңиз, Новопокровка айылынан дагы эки бөлмөлүү батир берүүгө даярмын. Сатина кызмат кылып, балдар биздин көзөмөлүбүздө болот. Сатина жана анын балдары Чек ара кызматынын лагерь-санаторийлерине жиберилет. Кыргызстандын кайсы жеринде жашайм десе, ошол аймакка жайгаштырууга жардам беребиз. Ушундай сунуштарыбыз бар. Өзүңүз өзүнчө жашап кетсеңиз дагы, балдарыңыз ал жерде жашаганга укугу болот. Бир гана ал үйдү сатып жиберүүгө болбойт”, - деди Абдикарим Алимбаев.
Ошондой эле ал Сатина Лайлиева бул сунуштарга макулдугун билдирсе, бүгүн эле батирге жайгаштырыларын кошумчалады.
Өз кезегинде Сатина Лайлиева Абдикарим Алимбаевдин сунушун кабыл алганын, мамлекетке кызмат кылууга даяр экендигин айтты. Бирок балдарынын туруктуу жашашы үчүн менчик турак жайы болушун каалай тургандыгын белгиледи.
“Сунушуңузга, көңүл буруп, мени кабыл алганыңызга чоң рахмат. Мен үч айдан ашык убакыттан бери “Сезим” кризисттик борборунда жүрөм. Учурда мага таандык турак жай жок. Мен деле жолдошумдун жоктугун билдирбей, мамлекетке кызмат кылууга даярмын. Балдарымдын өз мамлекетине сүйүүсү артсын деп тилейм. Сунушуңуз мени канааттандырат. Мен сиздин сунушуңузду кабыл алам. Бирок балдарымдын үй маселеси дагы деле чечилбей калып жатат. Балдарым туруктуу бир жерде жашашы үчүн мага үй керек”, - дейт Сатина Лайлиева.
Мындан улам Чек ара кызматынын төрагасы Сатина Лайлиеванын турак жай менен камсыз кылуу боюнча пикирин президент Садыр Жапаровго, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге жеткирерин белгиледи.
Белгилей кетсек, саналуу күн мурда 2022-жылы Баткенде каза тапкан чек арачы Мирлан Ниязовдун жубайы Сатина Лайлиева бийликке кайрылуу жасап, турак жай маселесин чечип берүү үчүн “Ынтымак Ордого” баргандыгы маалымдалган.
Пикир
Оставить комментарий