• 85.61
  • 93.38
  • 1.04

Бүгүн Ош шаарында майрамдык иш-чаралар өтөт

Аймак 0

Бишкек, 31.12.24. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарынын борбордук аянтында шаар тургундары жана коноктору үчүн “Жаңы жыл – 2025” аталышындагы майрамдык иш-чаралар өтөт.

Мэриядан билдиришкендей, күндүзгү саат 12:00дөн тарта “Келечек” балдар чыгармачылык борборунун, П.И.Чайковский атындагы искусство мектебинин, №1 С. Бекмуратов атындагы балдар музыкалык мектебинин жана Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын таланттары, билим берүү башкармалыгы, Ош мамлекеттик жана педагогикалык университети тарабынан концерттик, оюн-зоок программалары тартууланат.

Ал эми кечки саат 18:00дөн баштап түнкү саат 22:00гө чейин Ош шаардык маданият башкармалыгынын жаңы жылдык концерттик программасы уюштурулары айтылды.

Пикир

Оставить комментарий