• 86.99
  • 99.28
  • 1.06

Азербайжанда базарда ок атылып, каза болгондор бар

Дүйнө 0

Бишкек, 17.06.19 /Кабар/. Азербайжандын батышындагы базарда ок атылып, каза болгондор жана жаракат алгандар бар. Бул тууралуу РИА Новости жергиликтүү Репорт агенттигине шилтеме келтирип жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, ок атылуунун себеби үй-бүлөлөр ортосундагы кастык болгон.

“Бул окуя Беюк Кесик айылынын аймагында болгон. Абактан жаңы эле бошонуп чыгып келген адам ок атып, жыйынтыгында 8 адам жарадар болгон. Бир эне эки баласы менен жана ошол жерде иштеген сатуучу көз жумган”, - деп билдирет агенттик.

Жарадар болгондор Агстафин борбордук райондук ооруканага жеткирилген. Алардын биринин абалы абдан оор.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Булак: РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий