• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Араванда сууга чөккөн адамды издөө иштери жүрүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 09.08.21. /Кабар/. Араванда сууга чөккөн адамды издөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 8-августта саат 18:45де Ош облусунун Араван районундагы Ленин айылында жайгашкан Фергана каналына 1991-жылы туулган жаран чөгүп кеткен.

Жерине ӨКМден 14 куткаруучу, Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 5 куткаруучу тартылып издөө ишин жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий