• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

"Араван" каналына чөгүп кеткен эркек кишинин сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 04.06.21. /Кабар/. "Араван" каналына чөгүп кеткен эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош облусундагы Кара-Суу районунун Кара-Кысмак айылындагы "Араван" каналына 1962-жылы туулган К.А. аттуу эркек киши чөгүп кеткен. Жерине Ош шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылган.

Куткаруучулар чөгүп кеткен жарандын сөөгүн суудан алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий