• 87.45
  • 99.2
  • 1.06

Арал-Казарман унаа жолунда тоо боорунан түшкөн таштар тазаланды

Аймак 0

Бишкек, 20.01.25. /Кабар/. Арал-Казарман унаа жолунда тоо боорунан түшкөн таштар тазаланды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Мекеменин маалыматына ылайык, Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал-Казарман тилкесинин 243-296-чакырымдар аралыгында тоо боорунан кулаган таштар тазаланды. Жумуштар аймакты караган № 18 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан аткарылды.

Мындан тышкары, жолчулар Казарман-Акталчат унаа жолундагы Кара-Гөө ашуусундагы тайгак тилкелерге инерттик материалдарды себүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Пикир

Оставить комментарий