• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Аламүдүн районунда муктаж 40 үй-бүлөгө азык-түлүк баштыкчасы берилди

Аймак 0

Бишкек, 14.07.21. /Кабар/. Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Салкын-Ордо айылында кайрымдуулук иш-чарасы уюштурулуп, айыл ичиндеги муктаж 40 үй-бүлөгө азык-түлүк баштыкчасы берилди. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чараны айыл имамы Абобокир Темирбаев өз биртуугандары менен уюштуруп, жалпысынан 40 үй-бүлөгө 80 миң сомдук азык-түлүк таратылды.

Пикир

Оставить комментарий