Бишкек, 04.01.21. /Кабар/. Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында референдум жана президенттик башкаруу формасына "макул" деген флешмоб өттү.
Флешмобго 120-150дөй адам жана үгүт сөздөр илинген унаалар катышты.
Иш-чаранын катышуучулары референдумга жана президенттик башкаруу формасына макулдугун билдирип, үгүт сөздөрүн айтышты.
"10-январда өлкөдөгү башкаруу формасын тандоо боюнча референдум өтөт. Өлкөнүн тагдырына кайдыгер карабасаңыз референдумга катышыңыз. Өлкө үчүн жоопкерчиликти өз колуңузга алыңыз. Өлкөнүн туруктуулугу жана гүлдөп-өнүгүшү үчүн президенттик башкаруу формасына добуш бериңиз. Күчтүү президент – күчтүү мамлекет", - деп иш-чаранын катышуучулары айтышты.
Эскерте кетсек, референдумда өлкөнүн башкаруу формасын тандоо боюнча маселе көтөрүлөт:
-    президенттик башкаруу;
-    парламенттик башкаруу;
-    бардык варианттарга каршы.
	
                                            
                                            
                                            
                                            
            
            
            
            
            
            
                    
                    
                    
                    
Пикир
Оставить комментарий