• 87.4
  • 95.11
  • 1.02

"Ала-Арча" жаратылыш паркына бараткан жолдун четине тосмолор орнотулууда

Коом 0

Бишкек, 23.08.24. /Кабар/. Чоң-Арык – Ала-Арча жаратылыш паркы унаа жолунун жээгине тосмолор орнотулууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, иштер №25 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүүдө.

Бүгүнкү күндө орнотулган тосмолордун узундугу 560 метрге жетти.

Белгиленгендей, тосмолор жол кырсыктарын алдын алуу максатында коюлууда.

Пикир

Оставить комментарий