Бишкек, 02.06.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык балбандар Казакстандагы Bolat Turlykhanov Cup эл аралык рейтингдик мелдешке катышат. Бул тууралуу Спорттун олимпиадалык түрү боюнча дирекциясынан билдиришти.
Мелдеш 2-5-июнь күндөрү Алматы шаарында өтүп, балбандар кыз-келиндер арасында, эркин жана грек-рим күрөшү боюнча күч сынашат.
Спортчулар эркин күрөш боюнча улук машыктыруучу Таабалды уулу Сүймөнкул жана башкы машыктыруучу Русланбек Маджиновдун жетекчилиги алдында төмөнкү курамда мелдешке катышат:
- Абдымалик Карачов – 57 кг;
 - Алмаз Сманбеков – 57 кг;
 - Улукбек Жолдошбеков – 61 кг;
 - Бекболот Мырзаназар уулу – 61 кг;
 - Алибек Осмонов – 70 кг;
 - Эрназар Акматалиев – 70 кг;
 - Исламбек Орозбеков – 74 кг;
 - Арсалан Будажапов – 79 кг;
 - Саякбай Усупов – 79 кг;ъ
 - Мирлан Чыныбеков – 92 кг.
 
Грек-рим күрөш боюнча улук машыктыруучу Улукбек Карачолоков жана башкы машыктыруучу Азат Эркимбаевдин жетекчилиги алдында төмөнкү курамда мелдешке катышат:
- Куттубек Абдыкерим уулу – 60 кг;
 - Жоламан Шаршенбеков – 63 кг;
 - Халмурат Ибрагимов – 67 кг;
 - Калы Сулайманов – 67 кг;
 - Амантур Исмаилов – 67 кг;
 - Ильяс Ренат уулу – 77 кг;
 - Калидин Асыкеев – 82 кг;
 - Акжол Махмудов – 82 кг;
 - Мелис Айтбеков – 87 кг;
 - Атабек Азисбеков – 87 кг;
 - Бексултан Махмудов – 97;
 - Мурат Рамонов – 130 кг.
 
Кыз-келиндер арасында күрөш боюнча бир гана Айпери Медет кызы (76 кг) катышат.
	
                                                        
                    
                    
                    
                    
Пикир
Оставить комментарий