• 87.45
  • 98.28
  • 1.09

Акылбек Жапаров мамлекет үчүн көп жакшы иштерди жасап кетти – Ташиев

Коом 0


Бишкек, 17.12.24. /Диана Айдарова - Кабар/. Бүгүн, 17-декабрда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин маалымат жыйыны өтүүдө.

Анда журналисттердин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кызматтан кетиши боюнча берген суроосуна, жооп берип жатып, төмөнкүлөргө токтолду.

"Акылбек Жапаров менен 3 жылдан ашык чогуу иштедим. Ал тажрыйбасы мол, экономика боюнча дасыккан адис. Кыргызстан үчүн көптөгөн жакшы иштерди аткарып кетти. Анын кетиши боюнча президент гана чечим кабыл алат, аны биз талкуулабайбыз", - деди УКМКнын төрагасы.

Пикир

Оставить комментарий