• 87.45
  • 99.57
  • 1.07

Ак-Талаа районунун аймагында мыйзамсыз алып жүргөн 4 курал алынды

Аймак 0

Бишкек, 11.02.21. /Кабар/. Ак-Талаа районунун аймагында мыйзамсыз алып жүргөн 4 курал алынды. Бул тууралуу Нарын облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ак-Талаа районунун аймагында "Мал уурулук" жана "Көчө " аталышындагы профилактикалык иш-чаранын жүрүшүндө райондун төрт тургунунан мыйзамсыз көтөрүп жүргөн 2 сайлуу, 2 сайсыз ок атуучу курал алынды.

Бүгүнкү күндө тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий