• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Айтматов районунда 140 орундуу бала бакчанын курулушу бүткөрүлдү

Аймак 0


Бишкек, 26.08.24. /Кабар/. Айтматов районунун Көк-Сай айылындагы 140 орундуу бала бакчанын курулушу бүткөрүлдү. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, объекттин курулушу 2017-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган.

Долбоор боюнча имараттын жалпы аянты 1481 чарчы метрди түзөт. Эки кабаттуу жана бардык шарттары менен курулду. Курулуш-монтаждоо иштери "Ак-Ниет" ЖЧКсы тарабынан аткарылды.

Пикир

Оставить комментарий