• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Айсулуу Тыныбекова нигериялык атаандашын жеңип, чейрек финалга чыкты

Спорт 0

Бишкек, 09.08.24. /Кабар/. Париждеги Олимпиада оюндарында балбан Айсулуу Тыныбекова чейрек финалга чыкты.

62 кг чейинки салмакта Айсулуу Тыныбекова 1/8 финалда нигериялык Эстер Колаволе менен кез келди.

Таймаш 5:1 эсебинде аяктап, Айсулуу Тыныбекованын пайдасына чечилди.

Эми Тыныбекова чейрек финалда Несрин Баш (Түркия) - Кайл Миракл (АКШ) беттешинде уткан спортчу менен күрөшөт.

Пикир

Оставить комментарий