Бишкек, 06.06.24. /Кабар/. Кыргызстандын грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда Польшада өтө турган Ziolkowski, Pytlasinski, Poland Open атындагы эл аралык турнирге катышат.
Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдештер 17-24-июнь күндөрү Варшава шаарында өтөт.
Грек-рим күрөшү боюнча курама команданын тизмеси:
- 60 кг - Жоламан Шаршенбеков;
 - 67 кг - Амантур Исмаилов;
 - 67 кг - Раззак Бейшекеев;
 - 77 кг - Акжол Махмудов;
 - 97 кг - Үзүр Жузупбеков;
 
— башкы машыктыруучу - Азат Эркимбаев;
— улук машыктыруучу - Улукбек Карачолоков.
Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команданын тизмеси:
- 59 кг - Калмира Билимбек кызы;
 - 62 кг - Айсулуу Тыныбекова;
 - 68 кг - Мээрим Жуманазарова;
 - 76 кг - Айпери Медет кызы;
 
— башкы машыктыруучу - Нурбек Изабеков.
	
                                                        
                    
                    
                    
                    
Пикир
Оставить комментарий