• 87.45
  • 101.07
  • 1.11

Айдоочу этият болуңуз! Төө-Ашууда кар жаап жатат

Коом 0


Бишкек, 27.10.23. /Кабар/. Бишкек - Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап жатат. Бул туурадуу Чүй облустук милициясынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Жол тескөө кызматкерлери Бишкек - Ош унаа жолуна сапарга чыккан айдоочуларга жол кыймылынын эрежелерин так сактоого жана карама каршы тилкеге чыкпоого чакырат.

Ошондой эле ЖКККБ айдоочуларга унаалардын ортосундагы аралыкты сакталышынын зарылдыгын эскертет.

Пикир

Оставить комментарий