• 87.45
  • 101.07
  • 1.11

Жогорку Кеңештин төрагасынын милдетин Аида Касымалиева аткарат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 29.10.21. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева 2021-жылдын 28-ноябрына чейин ЖК төрагасынын милдетин аткарат. Бул тууралуу парламенттин расмий сайтында маалымдалат.

"Аида Касымалиева 2021-жылдын 28-ноябрына чейин Талант Мамытов алдыдагы парламенттик шайлоого талапкер катары катышуусуна байланыштуу Жогорку Кеңештин Төрагасынын милдетин аткарат", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт.

2021-жылдын 29-октябрынан тарта үгүт кампаниясы башталат.

Пикир

Оставить комментарий