• 87.45
  • 100.37
  • 1.12

Айбек Кожошев Тогуз-Торо районунун акими болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 26.05.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кол койгон буйрукка ылайык, Айбек Кожошев Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими болуп дайындалды. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, ошол эле учурда Айбек Кожошев мурда ээлеген кызматынан бошотулган.

Пикир

Оставить комментарий