• 87.45
  • 94.92
  • 1.03

Адылбек Касымалиев менен Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 18.12.24. /Кабар/. 17-декабрда министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Адылбек Касымалиев Будапешт шаарына барып, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен жолугушту.

Тараптар Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулап, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө өз ара кызыкчылыкты ырасташты.

Үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын Кыргызстанга Республикасына расмий сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларга өзгөчө көңүл бурулду.

Пикир

Оставить комментарий