Бишкек, 27.06.24. /Кабар/. 2024-жылдын 20-июнуна карата “Айыл чарбасын каржылоо-12” долбоордун алкагында республиканын 7 655 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 3 млрд 35,18 млн сом суммасына жеңилдетилген насыя берилген.
Финансы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинде:
- “Мал чарбачылык” тармагы боюнча 2 709,19 млн сом суммасында 6 633 субъектти түзөт;
- “Өсүмдүк өстүрүүчүлүк” тармагы боюнча 325,99 млн сом суммасында 1 022 субъектти түзөт.
Аталган долбоорду ишке ашырууга “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ачык акционердик коомдору катышууда, аларды кредиттөөнүн көлөмү 5 млрд сом суммасын түзүүдө.
2024-жылдын 20-июнуна карата аталган долбоор тууралуу облустар боюнча маалымат:
(млн сом)
| № | Берилген кредиттердин саны | Долбоорду өздөштүрүү суммасы | |
| Республика боюнча бардыгы | 7 655 | 3 035,18 | |
| 1 | Чүй облусу | 1 209 | 468,16 | 
| 2 | Ысык-Көл облусу | 1 186 | 417,93 | 
| 3 | Талас облусу | 868 | 329,53 | 
| 4 | Нарын облусу | 920 | 373,9 | 
| 5 | Жалал-Абад облусу | 1 714 | 720,65 | 
| 6 | Ош облусу | 1 298 | 537,81 | 
| 7 | Баткен облусу | 460 | 187,2 | 
 
	 
                                                         
                     
                     
                     
                    
Пикир
Оставить комментарий