• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Абибилла Кадырбердиев Аалымдар кеңешинин төрагасы болуп шайланды

Коом 0

Бишкек. 20.02.19 /Кабар/. Абибилла Кадырбердиев Аалымдар кеңешинин төрагасы болуп шайланды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Муфтияттын уставынын негизинде 19-февраль күнү Аалымдар кеңешинин жыйыны өтүп, жаңы төраганы шайлоо маселеси каралды.

Кеңештин жыйынтыгында Кадырбердиев төрага, ал эми Ниязали Арипов менен Фархат Юсупов төраганын орун басары болуп шайланышты.

Пикир

Оставить комментарий