• 87.23
  • 101.27
  • 1.11

Абдурахман Муртазалиев Лондондогу жиу-житсу боюнча турнирде күмүш утту

Спорт 0

Бишкек, 13.03.23. /Кабар/. Кыргызстандык спортчу Абдурахман Муртазалиев Лондондогу жиу-житсу боюнча турнирде күмүш медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Муртазалиев 85 кг салмакта мелдештин 1/8 финалынан баштап катышты. Ал Россия, Бразилия, Уругвайдан келген спортчуларды жеңип, финалга чыкты. Финалда бразилиялык Жансен Рамосго утулуп, экинчи орунга илинди.

Пикир

Оставить комментарий