• 87.45
  • 99.75
  • 1.09

44 жаштагы Сүлүктү шаарынын жашоочусу изделүүдө

Аймак 0

Бишкек, 24.12.24. /Кабар/. 44 жаштагы Сүлүктү шаарынын жашоочусу изделүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, ал 19-декабрь күнү Кольцо көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыккан бойдон кайтып келген эмес.

Милиция кызматкерлери издөө иштерине көмөктөшүү үчүн ӨКМдин Сүлүктү шаарындагы бөлүмүнө кайрылган.

Кечээ, 23-декабрда издөө иштерин жүргүзүүгө 2 дрон, 4 куткаруучу, Чек ара кызматынан 2, ИИМден 25 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 17 адам тартылган. Издөө иштери бүгүн да улантылат.

Пикир

Оставить комментарий