• 87.45
  • 99.57
  • 1.07

27-июлга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 27.07.23. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору өлкө аймагында 27-июлга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Абанын температурасы Чүй облусунда +33…+38, Талас облусунда +31…+36, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +34…+39, Ысык-Көл, Нарын облустарында +27…+32 градус болушу күтүлөт.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +36…+38 градуска жетет.

Пикир

Оставить комментарий