• 87.45
  • 99.2
  • 1.06

2024-жылы Ветеринардык кызмат мамкызмат көрсөтүүдөн 216 млн сом чогултту

Коом 0

Бишкек, 14.01.25. /Кабар/. 2024-жылы Ветеринардык кызмат мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн 216 млн сом чогулткан. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл арба жана кайра иштетүү өнөр жайы минисьрлигинен билдиришти.

2024-жылы Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын атайын эсебине мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн 216 миллион сомдон ашуун акча каражаты түшкөн.

Ветеринардык кызматтын 2024-жыл үчүн атайын эсепке коюлган планы 91 млн 688 миң сом болсо, жыл аягында план 216 млн 785 миң сомго аткарылган. Анын ичинен:

  • эмгек акыга - 130 071 миң сом;
  • социалдык фондго - 22 437,3 миң сом;
  • киреше салыгына - 13 007,1 миң сом жумшалды.

Пикир

Оставить комментарий