• 86.5
  • 93.21
  • 1.03

2023-жылкы Азия кубогуна тандоо: Кыргызстан курамасынын атаандаштары аныкталды

Спорт 0

Бишкек, 24.02.22. /Кабар/. Азия футбол конфедерациясынын штабдык кеңсесинде 2023-жылы өтө турган Азия кубогунун тандап алуу оюндарына чүчүкулак тартылды. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Анын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан курамасы F тайпасынын сап башында орун алып, атаандаштары аныкталды. “Ак шумкарлар” Сингапур, Мьянма жана Тажикстандын курамалары менен оюн өткөрөт.

F тайпасынын оюндары 8, 11 жана 14 июнь күндөрү Бишкектеги Д.Өмүрзаков атындагы стадионунда өтмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий