• 87.45
  • 103.23
  • 1.12

2019-жылы чет жерде абакта отурган 144 кыргызстандык экстрадицияланган – башкы прокурор

Коом 0

Бишкек, 19.05.20. /Кабар/. 2019-жылы чет жерде абакта отурган 144 кыргызстандык экстрадицияланган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана сот-укуктук маселелер комитетинин жыйында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов билдирди.

Комитеттин жыйында депутат Жыргалбек Турускулов былтыр чет жерден камакта отурган канча жаран экстрадицияланганы тууралуу сурады.

"2019-жылы сыртта жазаларын өтөп жаткан 144 жаран алынып келди. Биз ар бир кайрылууну мыйзам чегинде карап, жарандарды алып келүү боюнча иш алып баруудабыз", - деди Жамшитов.

Пикир

Оставить комментарий