• 87.45
  • 94.92
  • 1.03

15-февралдан тарта Бишкектен Индияга түз аба каттамы ачылат

Коом 0

Бишкек, 29.11.24. /Кабар/. 2025-жылдын 15-февралынан тарта Бишкектен Индияга түз аба каттамы ачылат.

Аэропорттон билдиришкендей, "Манас" эл аралык аэропорту" ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов Индиянын IndiGo Airlines авиакомпаниясынын вице-президенти менен жолугушуп, Кыргызстан менен Индиянын ортосунда жаңы аба каттамдарын ачуу маселесин талкуулады.

Соңунда тараптар Дели - Бишкек - Дели багыты боюнча жаңы каттам ачууну макулдашты.

Бул туристтердин агымын арттырып, эки өлкөнүн ортосундагы маданий, билим берүү жана экономикалык байланыштарды бекемдейт.

Пикир

Оставить комментарий