Бишкек, 14.01.25. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы 14-январга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, бүгүн өлкө республикада жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +5...+10, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +7...+12, Ысык-Көл облусунда -1...+4, Нарыноблусунда -5...-10 градус болушу күтүлөт.
Ал эми Бишкек шаарында +6...+8 градуска чейин жетет.
Пикир
Оставить комментарий