• 87.45
  • 101.07
  • 1.11

Баткенде жогорку тобокелдиктеги 6,4 тонна айыл чарба өндүрүмдөрү жок кылынды

Аймак 0

Бишкек, 26.12.24. /Кабар/. 12 айда Баткенде жогорку тобокелдиктеги 6404,5 кг айыл чарба өндүрүмдөрү жок кылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Баткен облустук башкармалыгы 2024-жыл ичинде "Баткен" бажысы тарабынан кармалган айыл чарба өндүрүмдөрүн карантиндик фитосанитардык текшерүүдөн өткөрдү. Анын негизинде фитосанитардык сертификаты жана коштоп жүрүүчү документтери жок 1400 даана көчөт аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти жогорку тобокелдиктеги 6404,5 кг айыл чарба өндүрүмдөрү жок кылган.

Пикир

Оставить комментарий