Бишкек, 03.07.19. /Кабар/. Зордуктоого шектелген Баткендин тургуну Россиядан кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 2017-жылдын август айынан бери зордуктоо фактысы боюнча издөөдө жүргөн 25 жаштагы М.У., аттуу Лейлек районунун жараны Россиядан кармалган. Июнь айында ал Кыргызстанга алынып келинген, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.