Жыргалбек Шамыралиев Токмок шаарынын мэри кызматынан бошотулду

Кадр саясаты

Бишкек, 02.03.18. /Кабар/. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Токмок шаарынын мэри Шамыралиев Жыргалбек Жумадилович берген арызына ылайык элеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүму билдирди.