Жыргалаң шахтасында 34 жаштагы адамды карагай өлтүрө басып калган

Кырсык

Бишкек, 23.12.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 22-декабрда Жыргалаң шахтасында карагай кыйып жаткан учурда 34 жаштагы жаранды карагай басып калган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жерине куткаруучулар тартылып маркумдун сөөгүн карагайдын алдынан алып чыгып, туугандарына өткөрүп беришкен.