Бишкек, 03.04.23. /Кабар/. 2023-жылдын 1-кварталында өлкөгө мамлекеттин колдоосу менен 87 айыл чарба техникасы алып келинди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен 34 даана трактор, 3 даана кайра иштетүүчү жабдуу, 12 даана айыл чарба машиналары жана 38 атайын техника.
Белгиленгендей, аталган техникалар жакынкы жана алыскы өлкөлөрдөн (Беларусь, Россия, Түркия, Кытай жана Германия) алып келинген.