Бишкек, 24.12.24. /Акназик Тургунбаева – Кабар/. Жыл башынан бери өлкө аймагында жалпы 802 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Талантбек Солтобаев радиолордун бирине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, бул жыл башында пландалгандан 20%га көп болуп, коюлган план ашыгы менен аткарылган. Былтыркы көрсөткүч 673 чакырым болгон.
"Жыл башында коюлган пландык иштерди министрлик аткарды. Анын ичинде жол бетин бодурлоо, аң-чөнөктөрдү жамоо, белгилерди орнотуу, шагыл төшөө иштери аткарылды”,-деди ал.
Ошондой эле ал белгилегендей, жаңы атайын техникалардын алынышы жол куруу түйшүгүн жеңилдетип, ишти илгерилетти.
“Жол фондунун бөлүп берген каражатынын негизинде жаңы техникалар алынып атат. 2022-2023-жылдары мамлекет 750 даана атайын техника сатып алып, анын 297си алып келинген. Ал эми дагы 453 техника декабрдын аягына чейин келүүсү күтүлүүдө”,-деди ал.
Пикир
Оставить комментарий