Жыл башынан бери 240 адам мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет жасаган

Коом

Бишкек, 18.09.20. /Кабар/. КР Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү 2020-жылдын 8 айында аткарылган иши жөнүндө маалымат берди.

Алсак, 2020-жылдын 8 ай аралыгында 240 адам мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет жасаган.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын январь-август айында чек арачылар 4 даана курал-жарак жана 80ден ашуун ок-дары, ошондой эле кызмат өтөө учурунда курал-жарак катылган жай табышкан. Үстүбүздөгү жылдын 8 ай аралыгында жалпы суммасы 40 млн сомдон ашуун болгон аткезчилик жүктүн алынып өтүшүнө бөгөт коюлган.

"Сегиз ай ичиндже 5 390 000ден ашык адам жана 501 миңден ашуун автотранспорт каражаты көзөмөл өткөрүү жайлары аркылуу мамлекеттик чек араны кесип өткөн. Туура эмес документтери менен 1 082 адам кармалган. Алсак, “Чоң-Капка-автожол” көзөмөл жайынан Кыргызстандан чыгып бара жатканда Казакстан Республикасынын эки жараны туура эмес документтери менен кармалышкан. Дыкат текшерүүдөн өткөрүү учурунда алардын жанынан 3 миллион сомдон ашуун акча каражаты табылып, алар кайдан алынганын түшүндүрүп бере алышкан эмес", - деп айтылат маалыматта.

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесинде Баткен чек ара отрядынын чек арачылары Кызыл-Кыяк капчыгайында Кыргызстандан Өзбекстанга 13 тоннадан ашык цементти өткөрүү жайынан тышкары жерден мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган, ошону менен бирге чек ара кезметине каршылык көрсөткөн Кыргызстандын жаранын кармашкан.