Бишкек, 27.12.17. /Кабар/. Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов балдарды келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктады,-деп билдирет Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат катчысы Айнура Дүйшөк кызы.
Маалыматка ылайык, майрамдык иш-чара Жумгал районунун Чаек айылындагы М.Алыбаев атындагы орто мектебинин залында өттү. Балдардын балаты майрамына райондун аймагынан окуу алдыңкылары, ата-энесинен ажыраган жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 130 бала катышты.
Облус башчы балдарды келе жаткан 2018-Жаңы жылы менен куттуктады. Жаш жеткинчектердин окууларына ийгиликтерди, чыгармачылык бийиктиктерди жана максаттар ишке ашырылышына тилектеш экенин билдирип, балдарга белектерин тапшырды.
Балдарга театрлаштырылган концертик программа тартууланып, жомок каармандары менен оюндар уюштурулду.