Жорж Оруэллдин “1984” романы кыргыз тилинде жарык көрдү

Маданият

Бишкек, 28.06.22. /Кабар/. Британиялык жазуучу Жорж Оруэллдин XX кылымдын эң көп окулган чыгармаларынын бири “1984” романы кыргыз тилинде жарык көрдү.

Аталган чыгарма “Китепстан” басма үйү тарабынан басылып чыкты.

“1984” - тоталитардык режим мамлекетти кандай абалга алып келерин, анын ичинде карапайым элдин, орто класстын жана бийлик өкүлдөрүнүн жашоосун кандай өзгөртөрүн баяндаган антиутопиялык роман.

“1984” романын кыргыз тилине Адамата Алишер уулу которгон.