Бишкек, 20.06.24. /Кабар/. Учурда Бишкектин Ахунбаев жана Байтик баатыр көчөлөрү капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө.
Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн Байтик баатыр көчөсүнүн Горький көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү коомдук транспорт үчүн жабылды.
Буга байланыштуу №№6, 52, 55, 56, 100, 103, 145, 152, 169, 195, 212, 226 автобус каттамдарынын кыймыл схемасы убактылуу өзгөртүлдү.
Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундарын жана конокторун каттамдарын пландаштырууда бул өзгөртүүлөрдү эске алууну өтүнөт.
Кыймыл схемалары менен шилтеме аркылуу таанышса болот.