Жол оңдоо. 25-июлда Абдрахманов көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылат

Коом

Бишкек, 23.07.24. /Кабар/. Бишкек шаарында бир нече көчөдө жолду капиталдык оңдоо жумуштары уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 25-июлда Жусуп Абдрахманов көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки бөлүгү капиталдык оңдоодон кийин ачылат.

Белгилей кетсек, Абдрахманов-Байтик баатыр көчөсү А.Токомбаев проспектисинен Жибек Жолу проспектисине чейин капиталдык оңдоодон өтөт.

Ал эми Чүй проспектиси Манас проспектисинен Т. Айтматов көчөсүнө чейин бир нече этап менен реаблитация болот.