Жогорку Кеңештин жаңы депутаттары ант беришти

Жогорку Кеңеш

Бишкек, 07.02.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин 7-февралдагы жыйынында “Альянс” парламенттик фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаттары Айсулуу Мамашова жана Эльдар Абакировдун ант берүү аземи болуп өттү.

Белгилей кетсек, алар депутат Фарходбек Алимжанов менен Эмил Жамгырчиевдин ордуна келген.