Жогорку Кеңештин төрагасы Баткен облусуна 5 кычкылтек концентраторун берди

Аймак

Бишкек, 15.07.20. /Кабар/. КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастанбек Жумабековдун атынан Баткен облусуна 5 кычкылтек концентратору берилди. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жабдуулар Саламаттыкты сактоо министрлигинин Баткен облусу боюнча координаторуна тапшырылып, ар бир район, шаардагы ооруканаларга бөлүндү.