Бишкек, 17.05.21. /Кабар/. Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны башталды, күн тартибинде эки маселе каралат - Кумтөр жана чек ара. Жыйынга жалпы 91 депутат жана министрлер кабинетинин мүчөлөрү катышууда.
Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов билдиргендей, кезексиз жыйында каралчу эки маселе тең ыкчам чараларды көрүүнү талап кылат.