Жогорку Кеңештин депутаттары 4-6-ноябрь күндөрү шайлоочулар менен иштешет

Жогорку Кеңеш

Бишкек, 31.10.24. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында «КР Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоочулар менен иштөөсү жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору кабыл алынды.

Ага ылайык, 4-ноябрдан тартып 6-ноябрды кошуп алгандагы мезгил Жогорку Кеңештин депутаттарынын шайлоочулар менен иштөө убактысы деп эсептелет.